Коронавирусту жуктургандар менен кошо учуп келген 135 адам обсервацияга алынды

Сауд Арабиядан 3 кыргызстандык менен бир учакта кошо келген 135 жүргүнчү табылып, баары обсервацияга алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Ошондой эле ал үчөө менен байланышта болгон 300 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Исаковдун айтымында, умрага барып келген 1 миңге жакын кыргызстандыктын дээрлик 75 пайызынын өздүгү такталып, үй шартында доктурлардын көзөмөлүндө турушат. Калган 25%ы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов обсервацияга алынган жарандардын 51и Жалал-Абад облусунун тургундары болгонун маалымдаган. Бирок ал коронавирус жуктургандар менен 1122 адам байланыш түзгөн болушу ыктымал деп божомолдогон.

Ал эми кичи ажылыкка барып келгендердин сегизи Баткен облусунун тургундары болуп чыкты.

«Учурда Баткен районунан 7 адам, Кадамжай районунан 1 адам ооруканада карантинде. Алардан коронавирус оорусуна анализдер алынды. 8 жарандын тең учурда абалдары жакшы, коронавирус оорусунун белгилери жок», — деп билдирген өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова.

Республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингинде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Арабиядан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынып дарыланууда. Буга чейин вирус жуктурган жарандар менен бир учакта келген 90 адам табылып, калган 45и изделүүдө экени кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция