Кыргызстанга коронавирусту 20 мүнөттө аныктаган экспресс-тесттер алынып келинди

Саламаттык сактоо министрлиги 23-марттан тартып коронавирусту аныктоо үчүн экспресс-тесттерди колдонуп баштайт. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова басма сөз жыйында билдирди.

Акматованын айтымында, коронавирусту аныктоо үчүн жөнөкөй тесттин жыйынтыгы 5 саатта чыгат. Ал эми жаңыдан алынып келинген 5000 миң экспресс-тесттин жыйынтыгы 15-20 мүнөттө чыгат.

«Аларды бүгүнкү күндөн баштап колдонобуз. Бул жарандардын обсервацияга алынган мөөнөттү кыскартып, аларды үй шартындагы изоляцияга жөнөтүүгө жардам берет», — деди Акматова.

Бирок ыкчам жыйынтык берүүчү тесттен бир гана оорунун белгилери бар жана оору жуктургандар менен карым-катнашта болгондор өтө алат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска тесттер акысыз өткөрүлөөрүн айткан. Тестти кантип тапшырууну бул шилтеме аркылуу билип алсаңыз болот.

Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда коронавирустун жалпы 14 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция