Бишкекте коменданттык саат учурунда абага бир нече жолу ок чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Cүрөт: Kaktus.media

Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев басма сөз жыйында, коменданттык саат учурунда блок-постто милиционерге баш ийбеген айдоочуну кармоо маалында абага табелдик курал менен бир нече жолу ок чыгарылганын билдирди. Анын айтымында, 25-30 жаштагы эки эркек жаран мас абалында болуп, милиционерлерге каршылык көрсөткөн.

«Коменданттык саат учурунда 26-мартта 20:30да Толстой жана Алыкулов көчөсүндөгү блок-постто “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей качып кетип, ал Дэн Сяопин менен Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулган», — деп билдирди Орозалиев.

«Азаттык» өздүк булактарына таянып, милицияга кол көтөргөн жаран Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев болгонун жазды. Басылманын маалыматына ылайык, Молдошев окуя болгон күнү унааны мас абалында башкарган.

Көп өтпөй Жогорку кеңештин маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу Молдошев кызматынан өз каалоосу менен 24-мартта бошотулганын кабарлады.

Тартип бузуучулар кармалып Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. «Азаттык» билдиргендей, парламенттин кызматкери Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Бишкек шаарында 27-мартка караган түнү карантиндик сааттын тартибин бузган 146 жаран кармалган. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Аталган убакыт аралыгында жарандардын көчөдө жүрүшүнө жана транспорттун кыйымылына тыюу салынат.

Ал эми жарандар саат 07:00дөн 20:00гө чейинки убакытта бир гана азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага же медициналык мекемелерге бара алат — ал үчүн жарандардын жанында өздүгүн аныктаган күбөлүк жана толтурулган маршруттук анкета болушу керек.