Ош облусу боюнча коменданттык саатты бузган 44 жаран кармалды

Ош облусу боюнча 27-мартка караган түнү комменданттык саатты бузган 44 жаран кармалды. Бул кечээки коменданттык сааттын алгачкы күнүнө салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, кармалгандардын 22и Ош шаарынын тургуну. Ошондой эле Ноокат районунан 2 жаран, Кара-Суу районунан 20 адам тартип бузган.

Облус боюнча 26-мартка караган түнү конмменданттык саатты бузган 91 жаран кармалган. Анын ичинен сегиз адамга 3 миң сомдон айыппул салынып, калгандарына эскертүү берилген.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.