Бүтүрүүчүлөр ЖРТга үйдөн даярдана алышы үчүн видео сабактар даярдалды

«Илим-Элим» онлайн билим берүү платформасы Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте Жалпы республикалык тестке даярдоочу видеосабактарды иштеп чыкты. Окуучулар видеосабактар аркылуу негизги тесттин «Математика» жана «Сөздүк логикалык» бөлүмдөрүнө даярданса болот.

«Илим-Элим» платформасын акысыз пайдалануу үчүн sabak.ilimelim.kg сайтында каттоодон өтүү зарыл. Каттоодон өткөндөн кийин курстун түрүн тандап, курска жазылуу баскычын тандоо керек болот. ЖРТдан сырткары англис тилин өздөштүрүүгө арналган жана студенттерге ылайыктуу бекер курстары да бар.

Ошондой эле сайтта видеосабактардан алган билимди текшерүү үчүн тиешелүү тесттер тиркелген.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылганын маалымдаган. Бул өлкөдө коронавирустун жайылышынан улам колдонулган чара.

Жалпы республикалык тестирлөөнү кантип ийгиликтүү тапшырса болот?