Видео: Ош шаарындагы уруксатсыз илинген көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарындагы аялдамалардын бири. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Клооп

Соцтармактарга 22-апрелде Ош шаарындагы жеке ишканаларга таандык баннерлер жергиликтүү бийлик тарабынан алынып салынып жатканы тартылган тасма тарады. Видеону бөлүшкөн колдонуучу «кээ бир ишкерлер жергиликтүү бийликтин бул ишине нааразы» деген түшүндүрмө жазган.

Тасмадан бир нече кызматкерлерди жана жерде жаткан көрнөк-жарнактарды көрүүгө болот. Ошондой эле видеонун автору ага таандык баннердин сыйрылышына нааразы болуп, ага тиешелүү чечимди көрсөтүүнү талап кылган.

«Бул менин жеке менчигим. Биринчи чечимди көрсөткүлө! Алып эле көргүлө! Тийишпегиле!», — деп айткан ал.

Тасмада жергиликтүү бийликтин кызматкерлери бир сааттан кийин тиешелүү чечим менен кайра келишерин айткан.

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматовдун айтымында, буга чейин ишкерлерге уруксаты жок илинген баннерлер алынат деген эскертүүлөр берилген. Бирок бул убака чейин ишкерлер тарабынан жарнактар алынган эмес. Пирматов мыйзамдуу жарнактар алынбады деп ишендирет.

«Мэрдин токтому жана тапшырмасы менен бозоруп, жыртылып, эрежесиз жазылган жарнактар алынып салынды. Карантин убагында шаарды тазалап, оңдоп-түзөп алуу максатында жүрүп жатат бул иштер», — дейт Пирматов.

Мындан сырткары, жетекчи ишкерлер дүкөндүн ар тарабына тегеретип чоң жарнамаларды илип, ал тургай тротуарга жана электр зымдары өткөн устундарга да илип алган учурлар кездешип жатканын кошумчалады. Ошондой эле айнектен жасалган аялдамаларга клей менен жабыштырылган жарыялар «Ош-Тазалык» ишканасынын жумушчуларына бир топ түйшүк жаратып жаткандыгын айтат.

Пирматовдун айтмында, жеке ишкерлер уруксат албай туруп баннерлерди кайрадан илип алышса аларга администривдик комиссия тарабынан чара көрүлөөрүн белгиледи.

Шаардагы сулуулук салонун иштеткен ишкерлердин бири «Клоопко» баннерди алып салуу тууралуу эскертүү албаганын айтты. Бирок жергиликтүү бийликтин аракеттерине каршы эместигин билдирди. Себеби баннер илүүгө алдын ала тиешелүү кагаздарды алган эместиги менен түшүндүрдү.