Өлкө боюнча коронавируска 82 күч органдарынын кызматкери чалдыкты

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын 82 кызматкеринде COVID-19 аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-майда билдирди.

Коронавируска чалдыккан күч кызматкерлердин 33ү айыгып, 49у ооруканаларда дарыланып жатышат.

Коронавирусту жуктуруп алган ИИМ кызматкерлеринин жыйырмадан ашууну Нарын облусуна туура келет. Облуста 19-майда 8 милиционер коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Буга чейин Нарын ОИИБнин 14 милиционеринде COVID-19 аныкталгандан кийин өздүк курамынын кызматкерлери изоляцияга алынышып, текшерүүдөн өтүшкөн.

Өлкөдө 22-майга карата коронавирустун жаңы 37 учуру катталды — жалпы 1350 учур. Алардын ичинен 949 бейтап оорудан айыгып, 14 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өкмөт COVID-19га каршы күрөшкө тартылган аскер жана милиционерлерге компенсация төлөп берет