Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр — Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда басма сөз жыйында Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара жаңжалдарын чечишип алууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Тилекке каршы, [чек арада абал] биринчи жолу эле курчуп жаткан жок. Биз союздаштарды сүйлөшүүгө барып, күч колдонуудан максималдуу оолак болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматтарды көрсөтүүгө даярбыз жана абал канчалык эрте тынчыса ошончолук жакшы болот деп эсептейбиз», — деп билдирди министр.

Лавров бул маселе ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинде талкууланып, анда министрлердин бардыгы БУУнун мамкатчысынын пандемияга байланыштуу ок чыгарууну токтотууга карата чакырыгын колдошконун айтты.

Кыргызстан, ЖККУдан тышкары, Евразия экономикалык биримдигине кирет, ага Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар

Май айында кыргыз-тажик чек арасында эки жаңжал чыккан. 24-майда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында ок атылган. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. Тажикстандын бийлиги жаңжалда тажик аскерине ок тийгенин маалымдаган.

Эки жума мурун, 8-майда, эки өлкөнүн тургундары тактала элек жер тилкесинен улам чырдашып кетишкен. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатканда Тажикстандык тарап күтүүсүздөн минометтон аткан. Тажикстандын өкмөтү окту биринчи кыргыз тарап чыгарды деп билдирген.

Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысына ок тийип жана бир тургун жарадар болгон. Тажикстан тарап алар жактан эки адам — аскер кызматкери жана тургун — жарадар болгонун кабарлаган.

Ошондой эле жаңжал учурунда чек арадан алыс эмес жерде жайгашкан Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кыргызстандын бийлиги иликтөөнүн жыйынтыгын күтпөстөн эле аталган үйдү күзгө чейин өз эсебинен калыбына келтирип берүүнү убада кылган.

ТЕМА БОЮНЧА: