Ошто үй карантинине чыгарууну талап кылган төрөтканадагы аялдар башка жакка которулду

Ош шаардык төрөтканасында обсервацияга алынган аялдар. Сүрөт: «Т-Медиа» басылмасы

Ош шаардык төрөтканасында обсервацияга алынган аялдар андагы шартка нааразычылык билдирип чыгышкандан кийин башка ооруканаларга которулду. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, шарты жакшыраак болгон жеке клиникаларга жана башка мамлекеттик ооруканаларга 28-майда жалпысынан 167 адам которулган — алардын арасында аялдар, ымыркайлар жана медицина кызматкерлери бар.

«Абалы оорлору төрөтканада калышты — бул төрөттөн бир аз кыйналган жана операция жолу менен төрөгөн аялдар. Аларды азыр башка жакка которууга мүмкүн эмес», — деди ал.

Бир күн мурун обсервацияга алынган аялдар ымыркайларынын ден соолугу үчүн кооптонуп жатканын билдиришип, аларды үй карантинине чыгарууну талап кылышкан. Ошондой эле алар эки жолку анализдеринин жыйынтыктары терс чыкканына карабай төрөтканада 21 күндөн бери жатышканын айтышып, оорукананын шарттарына нараазы болушкан.

Ондонгон аял оорукананын дарбазасынын алдында чогулуп чыгып кетүүгө аракет жасаганда аларды күзөтчүлөр коё беришкен эмес.

Аталган төрөтканада коронавирустун алгачкы учуру 12-майда катталган — анда илдетти эң биринчи оорукананын медайымы жуктуруп алганы маалым болгон. Мындан улам аны менен байланышта болгондор такталып, жалпысынан 720 адам обсервацияга алынган.

Ал эми 29-майга карата төрөтканада илдетти жуктургандардын саны 57ге жетти — анын арасында медицина кызматкерлери, жаңы төрөгөн аялдар жана алардын ымыркайлары бар.