Нарын облусунда коронавирустан дагы бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-июндагы брифингде COVID-19 жуктурган Нарын шаарынын 79 жаштагы тургуну каза болгонун кабарлады.

«Дагы бир жараныбыз, аял киши, Нарын облусттук ооруканага 13-майдан бери ошол жерде дарыланып турган — өтө көп диагноздору болгон. 29-майда жандандыруу бөлүмүнө которулган, ал эми 30-майда пневмония болгон. Ошондуктан күмөн пайда болуп инфекциялык госпиталга которулган», — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин айтымында, дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калууга аракет жасаганы менен 1-июнда анын жүрөгү токтоп калган. Ушуну менен коронавирустан улам каза болгон бейтаптардын саны 17ге жетти — алардын ичинде бир медкызматкер жана Жогорку Кеңештин экс-спикери да бар.

COVID-19дан көз жумгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталган — беш бейтап. Ошондой эле Ош облусу боюнча коронавирус жуктурган беш жаран каза болгон — алардын үчөөсү Ноокат районунда, экөө Ош шаарында жана бир адам Кара-Суу районунда. Чүй облусу боюнча үч бейтап каза болгон. Нарын облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир жаран көз жумган.