УКМКнын төрага орун басары саламаттыгына байланыштуу кызматынан бошотулду

УКМКнын төрага орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан Байымбетов кызматынан саламаттыгына байланыштуу өз эрки менен кеткенин кабарлашты.

Буга чейин ЖМКда Байымбетовдун кызматтан кетиши радио жыштыктар чуусуна байланыштуу деген маалымат пайда болгон. Бул тууралуу Кактус 2-июнда жазган. Кийинчерээк УКМК бул маалыматты төгүндөп, Байымбетов радио жыштыктарды сатуу иши боюнча кармалган УКМКнын кызматкерлери иштеген башкармалыкты тескебегенин билдирген.

Радио жыштыктарды сатуунун айланасындагы чырдын айынан өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев да эмгек өргүүсүнө кеткен.

Өргүүгө кетип жатып Абылгазиев тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн кыска мөөнөттүү эс алууга кетип атканын айткан.

Радио жыштыктарды сатуунун айланасындагы чуу

Радио жыштыктарга байланыштуу бир нече иш бар. Алардын бири боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги, «Ала ТВ» компаниясынын директорунун орун басары жана УКМКнын кызматкерлери кармалган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, бул иштин айынан эки жыл мурдагы иштердин, ошондой эле радио жыштыктарга байланыштуу иштердин иликтениши жанданган.

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан. Өкмөт башчысы болсо депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген.

Депутат Рыскелди Момбеков эки жыл мурун болгон иш боюнча башка аткаминерди — президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетексичинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновду күнөөлөп жатат. Момбековдун айтымында, бул иштин айынан бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калган.

Абылгазиев менен Мамбетакуновду КТ «Мобайл» компаниясы байланыштырат. Момбековдун айтымында, Мамбетакунов компания жетектеген (жетекчилигинде Нурбек Мукамбетов көрсөтүлгөн), ал эми Абылгазиев — компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышта болгону үчүн аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган.