Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 389га жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 6-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы он бир медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Бишкек шаарынан эки, Ош шаарынан жети, Чүй жана Нарын облустарынан бирден медиктен өпкө илдети аныкталды. Ал эми бир медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 389га жетип, алардын 273ү өпкө илдетинен айыккан. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Учурда өкмөт анын жакындарына миллион сом кун төлөп берүү маселесин карап жатат.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6-июнга карата 1974 кишиге жетти. Алардын ичинен 22си каза болуп, 1360 адам өпкө илдетинен айыкты.