Кадамжайдын тургуну инсульттан каза болду, ал чек ара чырында жабыркаган эмес — ССМ

Чечме айылы. 31май, 2020-жыл. Сүрөт: "Азаттык" / Жеңиш Айдаров

Айрым ЖМКлар 10-июнда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чырда жабыркаган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын 49 жаштагы тургуну Айтбай Акынов каза болгонун жазыр чыгышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» Акынов чек ара чырына катышканын тастыктап, бирок жабырлануучулардын катарында болбогонун билдирди.Айгерчинованын айтымында, маркум ооруканага инсульт болуп түшкөн.

«Ал жабырлануучулардын арасында болгон эмес. Каза болгон киши ошол жерден инсульт болгон. Мурун да инсульт болгон экен», — деп түшүндүрдү Айгерчинова.

Чек арадагы чыр

Чыр 31-майда Кыргызстандын Чечме айылынын жана Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан башталган. Натыйжада 25 кыргызстандык ар кандай жаракат алган — алардын жыйырма бирине медициналык жардам көрсөтүлүп үйдө дарыланууга чыгарылган.

Ал эми төрт тургун оор абалда Айдаркен шаарындагы ооруканага жаткырылган. Экөө оор абалда болгон. Учурда үч бейтап ооруканадан чыгарылып, бир бейтап дарылоону жалпы палатада улантууда.

Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы жаңжалда Сох анклавынын 187 тургуну жабыркаганын кабарлады. Алардын 15и ооруканага жеткирилип, беш жаран жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Жаңжал учурунда эки өлкөнүн тургундарынын үйлөрү өрттөнүп, кээ бир кыргызстандыктардын унаалары талкаланган.

Чырдын эртеси күнү вице-премьер Кубатбек Боронов Баткенге барып Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери — Жээнбеков менен Мирзиёев — телефон аркылуу сүйлөшүп, мындан ары жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашкан.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилелерге таасирин тийгизбеши керек» экенин белгилеген.