Тыныбекованын бир батири бар — ал президенттин сунушу боюнча берилгени менен каттатыла элек

Бишкек шаардык кеңешинин 10-июндагы отурумунда мамлекет тарабынан күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага берилген батирлердин саны тууралуу талаш чыкты.

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурбек Тынаев спортчуга президент тартуулаган батирди Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-февралында чыккан токтомунун алкагында каттатып берүүнү сунуштады.

Токтомдун алкагында муниципалитеттен кайтарымсыз негизде турак жай алуу укугу Олимпиада оюндарынын чемипиондоруна жана Олимпиада оюндарынын программасына кирген спорт түрлөрүнүн дүйнө чемпиондоруна берилет.

Депутат Гүлнара Молдобаева чын эле ушул батир тууралуу сөз болуп жатканын жана Тыныбекова турак жайга канчалык муктаж экенин тактоону сурады.

«Менин билишимче, Тыныбековага мамлекет тарабынан батир берилген. Андан кийин жеке демөөрчүлөр беришкен. Ошондо биз үчүнчү батирди берип жатабызбы? Текшердиңер беле силер, ал канчалык муктаж? Мен анын эмгеги боюнча талашкан жерим жок, мен бизде көбүрөөк муктаждар бар деп айтып жатам — көчөдө батири жок жүргөн жетимдер», — деди Молдобаева.

Тынаев Тыныбекова 2019-жылдын сентябрында күрөш боюнча дүйнө чемпионатын жеңгенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков ага сертификат менен кошо ачкычты тапшырган батир тууралуу сөз болуп жатканын билдирди.

Анткен менен президенттин расмий токтому жок, ошондуктан алар Тыныбековага батирди Бишкек шаардык кеңешинин Олимпиада оюндарынын байгечилери жөнүндө токтомунун алкагында мыйзамдаштырып берүүнү сунушташууда.

Спортчу Тыныбекованын машыктыруучусу жана расмий өкүлү Нурбек Изабеков балбанга 2017-жылы ал Дүйнө Чемпионатында коло медалды утуп алганда эле батир берилиши керек болгонун, бирок аны спортчуга ал 2019-жылы алтын утуп алганда гана берилгенин айтты.

«27 жылдан бери Кыргызстан биринчи жолу дүйнө чемпионатында алтын медаль алды. [Шаардык кеңештин] айрым депутаттары бул маселени көтөрүп чыкканы сыймыгыбызга тийип жатат. Аны буга чейин маданияттын жана спорттун башка ишмерлерлерине батирлерди берип жатканда көтөрүш керек болчу», — деди Изабеков «Клоопко» курган маегинде.

Жеке демөөрчүлөр тараптан Тыныбековага белек кылынган батир боюнча Изабеков бул «башка маселе» деп айтты.

«Бул батирди компания берди деп айтылганы, аны ага беришти дегенди билдирбейт. Бул жөн гана сөздөр. Ал батир жада калса курула элек. Батирлер чоң жетишкендиктер үчүн мамлекет тарабынан спортсмендерге Айсулууга чейин да берилген. Мисалы, Каныбек Осмоналиевге, Канат Бегалиевге жана башкаларга», — деп айтып берди Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын машыктыруучусу.

2019-жылдын 13-декабрында Тыныбекова ага бир жеке компания бир бөлмөлүү батир белек кылганы тууралуу инстаграмда пост жарыялаган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги турак жай алууга эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен спортчулардын тизмесин мэриянын кароосуна берет.

«Бул учурда президенттин аппараты мэрия менен түздөн-түз иштешкен. Биз жөн гана коомчулукту, президенттин аппаратын жана өкмөттү [Айсулуу Тыныбекова] дүйнө чемпиону болгону тууралуу кабарлаганбыз», — деп айтып берди мамагенттиктин адиси.

Тыныбекованын машыктыруучусунун айтымында, спортчу Олимпиада оюндарына даярданып жаткандыктан, анда батирге көчүп барууга убактысы болгон эмес. Азыр, коронавирус пандемиясынын айынан Олимпиада кийинки жылга жылдырылгандан кийин ал турак жайынын майда оңдоп-түзөө иштерине киришип, аны көчүп кирүүгө даярдап жатат.

Москва көчөсүндө жайгашкан №191 үйүндөгү батир калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеевден конфискациялангандан кийин муниципалдык менчикке өткөн.