Кимсанов сабалды делген видео фейк болушу мүмкүн — ЖАМК

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган видео «фейк болушу мүмкүн» деп билдирди.

Анткен менен депутат Дастан Бекешев Матраимовдордун кланы тарабынан куугунтукталып атканына даттангандан кийин кармалган Кимсановду сабоого байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну суранды.

*Журналисттер Кимсановду бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын кишиси болгон дешет. 2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын үй-бүлөсү, бир туугандары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар менен кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына видеокайрылууларды жарыялап келишкен. Кимсанов акыркы видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин билдирген. Матраимовдор баарын төгүндөшүүдө.

Премьер-министрлик кызматка талапкер Кубатбек Боронов Бекешевге мурдагы аткаминердин сабалганын тийиштүү органдар териштирет деп айтты.

Фейк болушу мүмкүн

ЖАМКтын маалыматына ылайык, Кимсанов отуруп кеткен видеодогу бөлмө ТИЗО-1ге окшобойт. Мамкызмат Кимсанов ТИЗО-1де отурган маалда атайын контингентке же ТИЗОнун кызматкерлерине карата даттанбаган деп көшөрүүдө.

«Кимсанов түшүндүрмө кат жазган, анда ал абактагы башка адамдар менен эч кандай араздашпаганын жана адвокатынын ага коркунуч жаралып жатат деген билдирүүлөрүнө макул эмесмин деп билдирген», — деп жазды ЖАМК. Башында Кимсановдун камерасында дагы үч камактагы адам бар болгон. ЖАМК токмоктоону төгүндөдү, бирок ошол эле учурда кызмат Кимсанов 10-апрелде аны өзүнчө камерага жайгаштыруу өтүнүчү менен ТИЗОнун администрациясына кайрылганын билдирди.

Учурда Кимсанов башка жайда кармалууда — ТИЗО-50. Ал укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери менен кошуна. Бул ТИЗОдо өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар кармалат. Ал жакта кесиптеши, тагыраагы, ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу менен мушташа кеткени үчүн кармалган мурдагы аткаминерди ал жакка эмне үчүн которушканы белгисиз. Бул мушташ эки жыл мурда болгон.

Мурдараак Кимсановдун адвокаты аны ушул ТИЗОго которуп жатканына даттанган, бирок ЖАМК кайрадан анын сөздөрүн төгүнгө чыгарган. Бирок ведомство «Клоопко» берген комментарийинде мурдагы бажычыны которуу тууралуу токтом 8-июнда жазылганын белгиледи. Жыйынтыгында, 16-июнда ЖАМК ал которулгандыгын ырастады.

ТИЗОдогу сабоо

Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева эки киши биригип алып дагы бир кишини сабап атышканы тартылган видеону жарыялаган.

Ал бул Кимсановдун ТИЗО-1де сабалганы тартылган видео деп билдирген. Мындан тышкары, Кимсановдун үй-бүлөсү да апрель айында бул тууралуу кабарлаган болчу.

Сүйүнбаева видео Кимсанов ТИЗО-1ге жаңы которулганда, 2020-жылдын 3-апрелинде тартылганын «Клоопко» билдирди.

«Мен Кимсанов менен сүйлөшкөндө ал сабалганын ырастап берди. Биз анын сабалганы тартылган видеону таптык», — деди ал. Мындан тышкары, Кимсановдун денесиндеги кан шишиктер көрүнгөн сүрөттөр жарыяланган.

Анын айтымында, сабоо фактысы боюнча 10-апрелде Кимсанов суракка алынган жана ал мамкызматка сурак учурунда эч нерсе болгон эмес деп койгон. Анткен менен адвокат 12-апрелде Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганын, бирок башкы көзөмөлдөө органы арызды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүп берген.

Эмилбек Кимсановдун иши

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Санкт-Петербургдан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди сабоого айыпталууда. Кимсанов өзү «Бейбаштык» боюнча козголгон иш эки жыл мурда жабылган деп айтып келет.

Жыл башынан бери Кимсановдун бошотулушун талап кылып президентке анын жубайы, бир туугандары жана тарапташтары бир нече жолу кайрылган. Бирок президент бул кайрылууларга жооп бере элек.

Жээнбековго биринчилерден болуп Кимсановдун иниси Эмирбек кайрылган. Ал агасы Орусияга Матраимовдун тапшырмаларын аткарбаганы үчүн качканын айткан. Ал кабарлагандай, Эмилбек Кимсанов «Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм» деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуулар болгон.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

2020-жылдын 9-апрелинде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя да президентке жардам сурап кайрылган. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатканын» айткан.

Кийинчерек Заворотняя соцтармактарга Кимсановдун видеосун жарыялаган. Ал тасмада Кимсанов Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп айткан.

Бул видео боюнча Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов Кимсанов айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирген. Мындан тышкары «Шайлоо алдында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деген оюн айткан.

Ал эми ИИМден «Азаттыктын» бул видео боюнча катына Кимсанов 10-апрелде жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, аталган тасма тууралуу көрсөтмө берген эмес деп ишендиришкен. Ал эми тергөө иштери Кимсанов жана анын жубайы министрликке расмий арыз менен кайрылганда гана жүргүзүлөөрүн маалымдашкан.

11-июнда абакта жаткан Кимсановду колдоп, топтолуп президентке видеокайрылуу жасаган балдарды Кара-Суу райондук милициясы кармап кеткен. Милициядан алар «карантиндин эржелерин бузгандыктан» эскертүү берилип кайра коё берилгенин айтышкан. Бул күндөрү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусунда болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кимсановдун адвокаты анын «абакта сабалганын ырастаган» тасма жарыялады. ЖАМК видеону териштирет