Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң деп билдирди.
Мамлекет башчысы бул тууралуу өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле эскерткендигин айтты. Эми эпидемиологиялык кырдаалдын курчушу жана көзөмөлү үчүн облус жетекчилери, район акимдери жана шаар мэрлери жеке жоопкерчиликтүү болушат.
Президент коомдук транспорт инфекция жуктуруунун эң коопту жери бойдон калууда деп белгиледи.
«Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок, алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү», — деди президент.
Ошондой эле ал коронавирус инфекциясынын жайылуусуна кыргызстандыктардын жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертип өттү. Бул өзгөчө COVID-19 оорусу симптому жок өтүп жаткандарга тиешелүү.
«Ошондуктан коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда», — деп белгиледи Жээнбеков.
Жергиликтүү бийликтин бир нече жетекчиси коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.
18-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевде коронавирус тастыкталып, ал үй карантинине алынды.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын дагы бир жетекчиси жана Нарын облусунун биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирустан дарыланып ооруканадан чыкты.
Ал 18-майда Нарын шаардык ооруканасына жаткырылган. Анда мэриянын жана облустук мамадминистрациясынын имараттары дезинфекцияланып, үч күнгө жабылган.
Саламаттык сактоо министрлиги 17-июнда COVID-19 оорусу симптому жок өтүп жаткандарды дарылоонун жаңы алгоритмин киргизген. Эми медициналык мекемелерге күч келтирүүнү төмөндөтүү үчүн врачтар аларды үй карантинине жөнөтүп турат, ал эми обочо шартынын сакталышын мобилдик колдонмо аркылуу көзөмөлдөп турушат.
19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоо боюнча кезектеги антирекорд катталды, сутка ичинде вирус жуктуруунун 132 жаңы учуру катталды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев көп учурда коронавирус жуктуруунун булактары белгисиз калып атканын билдирген.
Өлкөдө COVID-19 жуктуруунун жалпысынан 2 789 учуру катталды. Стационарларда 544 бейтап дарыланууда, пандемия убагында оорудан жалпысынан 1 961 адам айыгып, 32 адам каза тапкан.