Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирустан айыкты

Давид Курманов. Одноклассники.ру сайтынан алынган сүрөт

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июндагы брифингде билдирди.

«Давид Курманов ооруканадан айыгып чыгып, бүгүнкү күндө үйдө болуп жатат. Ал үйдө бир аз көзөмөлдө болот. Убакыт өткөндөн кийин кадимки тартипте ишке киришет. Мэрия штаттык эле режимде иштеп жатат», — деди Үсөнбаев.

Курмановдун коронавируска чалдыкканы 19-майда белгилүү болгон. Ал күнү Нарын облусунда илдеттин 11 учуру катталган. Оорулуулардын арасында 8 милиция кызматкери да болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен мэриянын имараты үч күндүк карантинге жабылып, дезинфекцияланган.

Нарын облусунда коронавирус кескин жайылууда. 3-июнга карата облуста COVID-19дун 380 учуру катталган: бул өлкө боюнча экинчи көрсөткүч.

Илдеттин кескин жайылып кетүүсүнөн улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөгүш жарыяланган. Ошондой эле Нарын облусттук оорукананын башкы дарыгери Айбек Койчуманов ээлеген кызматынан бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Коронавирустан улам Нарын облустук ооруканасынын алдында бейтаптарды кабыл алуу үчүн чатырлар тигилди