«Кокустан керебеттен кулап түштү». Кимсановдун сабалышы боюнча иш УКМКга өткөрүлдү

Башкы прокуратура мурунку бажычы Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча териштирүү иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөнүн билдирди. Бул факт «Бийлигинен аша чабуу» беренеси менен катталды.

«Окуя атайын прокуратура тарабынан КЖБРде катталды. Иштин териштирүүсү УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Жабырлануучу аны ТИЗОнун кызматкерлери сабаган деп жазган. Тергөө өзүнүн баасын берет. Алдын ала айта албайбыз», — дешти Башкы прокуратурадан.

Атайын прокуратурадан кабарлашкандай, ЖАМКтын пикиринде Кимсанов керебеттин экинчи кабатынан «кокустан кулап түшүп» жаракат алган.

Кимсанов 18-июнда Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери менен жолуккан. Анда ал ТИЗО-1дин кызматкерлери сабаганын айткан, ал эми камактагылар дарыланууга жардам беришкенин белгилеген.

Мындан мурдараак Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева фейсбук баракчасында экс-бажычынын абакта сабалганын ырастаган тасма жарыялаган.

Ал эми ЖАМК Кимсановдун сабалышы боюнча тараган тасма териштирилет деп билдирген. Кийинчерээк мекемеден видео фейк болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Буга чейин ЖАМК лаборант Ирина Цопова — кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу боюнча иштин фигуранты — да керебеттен кулап түшүп бутун сындырып алган деп билдирген. Кийинчерээк Цопова үй камагына чыгарылган.

Кимсановдун сабалышы тууралуу маселени депутат Дастан Бекешев парламентте көтөргөн. Ал ЖАМКтан экс-бажычыны сабагандарга чара көрүүнү талап кылган.

«Жаза аткаруу кызматында дайыма ушундай болуп жатат. Биз уюшкан кылмыштуу топту жоймоюнча ушундай боло берет да. Уюшкан кылмыштуу топ мамлекеттик бийликти сындаш керек. ИИМ кезинде уюшкан кылмыштуу топко карата мыйзам алып чыккан эле. Ошону качан алып келет? Бирөө жоопкерчиликке тартылабы видео тасма боюнча?», — деди Бекешев.

Кимсановдун иши

Мурунку бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов өзүнүн кесиптеши Автандил Конгантиевди — ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулуну — сабоого шектелип, Санкт-Петербург шаарынан алынып келинген. Бирок Кимсанов кылмыш иши эки жыл мурун жабылганын айтып келет.

2020-жылдын февраль айынан тарта Кимсанов жана анын жакындары президентке бир нече видеокайрылуу узаткан. Ал кайрылууларда Кимсановдун бир туугандары Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуу жана кысымдар жасалып жатканын билдиришкен.

Кимсанов акыркы видеосунда бажынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин айтып чыккан.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.