Парламенттин спикери менен вице-спикерлеринин COVID-19га тапшырган тесттери таза чыкты

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков жана вице-спикерлер Аида Касымалиева менен Мирлан Бакиров коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ тапшырышты. Тест COVID-19дун анализи таза чыкканын көрсөттү.

Парламенттин аппарат башчысы Алмазбек Сабырбековдун айтымында, учурда депутаттардын бардыгы коронавируска тест тапшырып жатат.

«Эки күндүн ичинде эл өкүлдөрү менен бүтүп калабыз деп ойлойм. Азырынча тапшыргандардын биринен да COVID-19 тастыкталган жок. Аппараттын жана басма сөз кызматтын кызматкерлерин да тесттен өткөрүп жатышат. Алардын бардыгы, алгоритмге ылайык, аралыктан иштөөгө өтүштү», — деп билдирди ал 24.kg басылмасына.

Сабырбеков билдиргендей, карым-катнашта болгондордун баарын аныктоо максатында депутаттардын жардамчылары дагы текшерилүүдө, ал эми журналисттер Жогорку Кеңештин имаратына парламенттик каникул башталганга чейин кире алышпайт.

19-июнда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшанылы Нурдиновдо COVID-19 тастыкталганы белгилүү болгон. Анда Нурдинов Жумабековдон тышкары дээрлик бардык кесиптештери менен байланышта болгонун жазышкан.

Депутат Дастан Бекешев 19-июнда твиттеринде Нурдинов менен байланышта болбогонун жазган.

«Мен Нурдинов менен байланышкан да эмесмин. Алтургай кол да алышчу эмеспиз. Бирок ал “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары менен байланышта болгон, ал эми алар менен мен байланышта болгом», — деп жазган Бекешев.

Нурдинов парламентке жакында эле тизме боюнча келген. Ал 9-июнда мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып, андан кийин өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалган «Кыргызстан» партиясынын лидери жана партиялашы Алмазбек Батырбековдун ордуна келген.

Бул парламенттин имаратында коронавирус инфекциясы тастыкталган экинчи учур болгон. Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 18-июнда фейсбуктагы барагында коронавирус жуктуруп алганын билдирген.

Нуракун уулу билдирүүсүндө кесиптештери коронавируска текшериле баштагандыктан парламенттин коомдук угуулары онлайн трансляция болбой калаарын билдирген болчу.

Экс-спикердин өлүмү

24-майда парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев COVID-19 өөрчүткөн оорудан каза тапкан. Ал 5-майда ооруканага жаткырылып, он күндөн кийин жандандыруу бөлүмүнө которулган, анын абалы туруктуу эмес болгон.

Саясатчы каза тапкан күндүн эртеси эле өзгөчө кырдаал режими менен маркумда COVID-19 бар болгонуна карабай көптөгөн жогорку мансаптуу аткаминердер анын тажиясына барышкан.

Алардын арасында спикер Жумабеков, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов болгон. Кийинчерээк Абдикаримов COVID-19дан улам каза тапкан маркумдун тажиясына «адамкерчилик үчүн» барганын айткан.

Акыркы сутка ичинде коронавирус өөрчүткөн инфекциядан үч адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери жалпысынан 40 бейтап ажалга моюн сунду.

22-июнга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруунун тастыкталган учуру 3 356га жетти. Алардын ичинен 2021 адам стационардан айыгып чыкты.