Тажикстанда жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү

Сүрөт: Мамлекеттик миграция кызматы

Ош шаарынан 21-июнда Тажикстандын Мургаб жана Жергетал райондорунда жана Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамдар жиберилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы маалымдады.

Тажикстанга жиберилген жардамдын курамын 200 тонна ун, 4 миң даана жууркан жана 550 коробка гигиеналык каражаттар түзөт.

Ал эми Кичи жана Улуу Памирге жалпысынан 25 тонна ун, 10 тонна күрүч, 2,5 тонна өсүмдүк майы, миң даана жылуу жууркандар жана 200 коробка гигиеналык каражат жиберилген. Буга кыргыз өкмөтүнүн атайын эсебинен акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле аталган элге Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тиешелүү көлөмдө медикаменттер сатылып берилген.

Ал эми ар бир экспедиция мүчөсү жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары вирустан коргонуучу каражаттар менен камсыздалган.

Ооганстанда 22-июнга карата коронавируска чалдыккандардын саны 28 833тү түзөт. Алардын 8 764ү айыгып, 581 киши каза тапкан. Ал эми Тажикстанда жалпысынан 5 457 адам аталган илдетти жуктурган. Анын 3 995и айыгып чыгып, 52 киши оорудан көз жумган.

Этникалык кыргыздар

Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондору этникалык кыргыздар байырлаган жер. Аталган райондордо жашаган калктын көпчүлүгүн кыргыздар түзөт.

Ал эми Ооганстандагы кыргыздар – бул 1575-1930-жылдары аталган аймакка көчүп келген кыргыздардын урпактары. Этникалык кыргыздар Чоң жана Кичи Памир тоолорунда оор шарттарда жашашат жана саламаттык сактоо кызматтары, билим алуу аларга жеткиликсиз.

Памирлик кыргыздарды Кыргызстанга бийлик 2017-жылдан баштап алып келе баштаган. Алгач Нарын облусуна 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп, аларга билим алуусуна шарт түзүлүп, саламаттыгы текшерилип, турак жай берилээри убада кылынган. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда наристелүү болгон бир үй-бүлөгө гана турак жай берилген.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 21-майында Нарын шаарында жашап жаткан памирликтердин жети үй-бүлөсү үчүн Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылына жалпы аянты 1,2 гектарды түзгөн турак жай курула баштаган. Ага өкмөттүн казынасынан 10 млн сом бөлүнгөн.

Кыргыз өкмөтү памирлик кыргыздарга жыл сайын гуманитардык жардам жөнөтүп турат. Өткөн жылы экспедиция үчүн жалпы 5 млн сом бөлүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Биз силерди дайыма күтөбүз»: Памир кыргыздарына экспедиция

Эмне үчүн Кыргызстандан кетип жаткан ооган кыргыздары кайра кайтууну каалашпайт?