Кыргызстанда коронавирустан бир суткада үч бейтап каза болду — жалпы 50 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-июндагы брифингде коронавирус жуктурган дагы үч бейтап каза болгонун билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, каза болгон бейтаптардын бири 54 жашта болгон. Ал Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына 24-июнда эки тараптуу пневмония диагнозу менен жаткырылган. Ошондой эле, маркум мындан сырткары өнөкөт жүрөк оорусунан жана кан басымынан жабыркап жүргөн.

Ал эми каза тапкан экинчи бейтап Ош шаарындагы ооруканага оор абалда 26-июнда кайрылган. 67 жаштагы маркум ооруканага кайрылаардан мурда үй шартында бир нече күн сасык тумоого каршы дарыларды ичип жүргөн, бирок дене табы түшпөгөндөн кийин гана ооруканага келген.

«Үчүнчү каза болгон бейтап Кара-Суу районунун 1959-жылы туулган тургуну. Ал Ош мамлекеттик университетинин клиникасына 25-июнда оор абалда эки тараптуу пневмония диагнозу менен түшкөн. Мындан сырткары өнөкөт жүрөк оорусу жана анемиясы болгон. Үч бейтап тең ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин аракеттерине карабай каза болушту», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 50гө жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жалпысынан 5017 кишиге жукту. Анын 2294ү айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 716 киши дарыланып жатса, алардын 26сы жандандыруу бөлүмүндө.