Кыргызстанда дагы 47 медкызматкерден COVID-19 аныкталды — жалпы 830 учур

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 47 медкызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 30-июнда Республикалык штаб кабарлады

Таажы вирусунун 33ү Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Талас облусунда жети, Ысык-Көл облусунда төрт, Нарын облусунда эки жана Чүй облусунда бир медик инфекцияга чалдыкты. Ошол эле учурда он бир медкызматкер оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 830га жетти — бул жалпы оорулуулардын 15 пайызын түзөт. Алардын 442си айыккан. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Маркумдардын үй-бүлөсүнө өкмөт миллион сомдон компенсация төлөп берди.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 30-июнга карата 5296га жетти. Алардын ичинен 57си каза болуп, 2370 адам илдеттен айыкты.