«Арманы жок адамдын өзү жок болсо керек». Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Болот Тасмаев. Сүрөт: Болот Тасмаевдин фейсбук баракчасынан алынды

30-июнда ырчы, обончу жана аткаруучу Болот Тасмаев 49 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Тасмаевдин жакындарынын айтымында, ал кант диабети менен ооруп жүргөн. Ырчы 1-июлда өзү туулган Аксы районунун Кербен айлында жерге берилди.

Болот Тасмаев «Сен билген жоксуң», «Сезген жоксуң», «Ак чардагым», «Унутпаймын», «Жар-жар», «Оо, кыздар», «Аманат» жана башка белгилүү ырлардын автору жана аткаруучусу.

Ырчыны социалдык тармактар аркылуу анын чыгармачылыктагы кесиптештери, достору жана ырчылар жоктоп эскерүүлөрдү жарыялап жатышат. Тасмаевди обончу Түмөнбай Колдошев да эскерди.

«Болот Тасмаев кыргыз музыкасынын таланттуу өкүлү, үндүү ырчылардын сап башында турган, ар бир аткарган ырына астейдил мамиле жасап, сөздү кадырлап, обонду ыйык туткан ырчы эле. Бокемин Ала-Тоону аралаган арген үнү эл эсинде түбөлүк жашай берет», — деген Колдошев.

Мындан алты ай мурун ырчы «NEW TV» каналына балалык, чыгармачылык жана адамгерчилик тууралуу маек курган. Анда ал байлык тууралуу да айтып, материалдык жактан бай адамда да арман болот деп айтканы бар.

«Арманы жок адамдын өзү жок болсо керек. Телегейи тегиз адамдын деле ичинде арманы болот. Менде да бар», — деген ал.

Тасмаев 1971-жылы Аксы районунун Кербен айылында туулган. Өзүнүн устаттары катары атасы Рыспек Тасмаевди жана Ырысбай Абдыкадыровду белгилеп жүргөн. Алгачкы ырлар жыйнагын «Сен билген жоксуң» аталышында 2014-жылы жарыкка чыгарган.

Буга чейин Кыргызстандын белгилүү маданият ишмерлери төкмө акын Элмирбек Иманалиев, акын, журналист Зайырбек Ажыматов жана «Бопуш» деген каймана аты менен белгилүү болгон актёр Марат Жанталиев дагы мезгилсиз бул дүйнө менен коштошкон. Ажыматов 44 жашта, Иманалиев 42 жашта, ал эми Жантелиев 59 жашта болгон.