Бишкекте экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун тажыясы өттү

Парламенттин экс-спикери жана депутаты Чыныбай Турсунбековду туугандары жана кесиптештери 7-июлда акыркы сапарга узатышты. Ал 7-июлга караган түнү Улуттук госпиталдын реанимациясында каза болгон. Анда эки тараптуу пневмония аныкталган. Турсунбековдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Саясатчынын жакындарына маркумдун кесиптештери көңүл айтып келишти. Алардын арасында парламенттин спикери Дастан Жумабеков бар, Жумабеков спикерлик кызматка Чыныбековдон кийин келген, ошондой эле партиялаштары Дастан Бекешев, Төрөбай Зулпукаров жана экс-депутат Турсунтай Салимов бар. Мындан тышкары, тажыяга жакында эле коронавирус жуктуруп алган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жана саламаттык министринин орун басары Мадамин Каратаев катышкан.

Коронавирус пандемиясына жана мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун массалык иш-чаралар — бул «улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык» жана «медиктердин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык» деген билдирүүсүнө карабастан, тажыяга көп адам катышты.

Турсунбеков кайтыш болгону тууралуу 6-июлда белгилүү болду. Kaktus.Media басылмасы 5-июлда парламенттин депутаттарына таянып 59 жаштагы саясатчы Чыныбай Турсунбеков оор абалда экенин кабарлаган. Журналистттердин маалымат булагы саясатчы бир нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат менен деп алып атканын билдиришкен.

Андапарламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу экс-спикер ооруп жатканын ырастап, бирок анын оор абалы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган болчу.

«Азыр эле жубайы менен сүлөштүм. Кан басымы, температурасы, сатурациясы — баары жакшы. Үй-бүлөсү менен сүйлөшүп атат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү», — деп билдирген ал фейсбук барагында.

Анын айтымында, Турсунбековдон коронавируска алынган ПЧР-тест терс жыйынтык көрсөткөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө өткөн сутка ичинде пневмониядан 29 адам көз жумду. Пандемия башталгандан бери келип чыгуу себеби такталбаган пневмониядан 224 бейтап каза тапты.

Ошол эле кезде саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен ооругандар боюнча статистиканы ачыктабай келет. Көбүнесе жарандарда коронавируска тапшырган тест терс жыйынтык көрсөтүүдө, анткен менен аларда такталбаган себептер боюнча пневмония чыгып калууда.

Экинчи экс-спикердин тажыясы

Ушуну менен пандемия убагында экинчи экс-спикер каза болду. Саясатчы Мукар Чолпонбаев коронавирус өөрчүткөн оорудан улам 24-майда каза тапкан.

Массалык иш-чараларга тыюу салынганына жана ССМдин COVID-19га чалдыккандарды акыркы сапарга узатууда жакындары гана катышыш керектиги тууралуу буйругуна карабастан, анын 25-майда өткөн тажыясына көп адам келген. Алардын арасында спикер Дастан Жумабеков, президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев жана ССМдин башчысы Сабиржан Абдикаримов болгон.

Кийинчерээк саламаттык министри Чолпонбаевдин тажыясына бара албай коё албастыгын, анткени «бул адамгерчиликке жатпай калат эле» деп билдирген.

Турсунбековдун жетишкендиктери

Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз улуттук университетинен филология факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар. 2004-жылы ТИМдин дипломатиялык академиясын аяктаган.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болгон. 2015-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат болгон. 2016-2018-жылдары парламенттин спикери болуп эмгектенген.

2003-жылы кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.