Кыргызстанда COVID-19 жуктурган 7 жана пневмониядан 29 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы жети бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 7-июлдагы брифингде билдирди. Алар:

  • Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
  • Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта);
  • Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
  • Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
  • Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
  • Чүй облусундагы Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта).

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп, каза болгон бейтаптардын саны 99га жетти. Учурда илдеттен көз жумган жети медкызматкерлер тууралуу белгилүү, бирок алардын саны көп болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда каза болгон дарыгер Эдил Садыков болушу ыктымал — ал 5-июлда каза болгону белгилүү болгону менен расмий статистикага бүгүн киргизилген. Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөмөкчү.

Ошондой эле өткөн суткада пневмонияга чалдыккан, бирок COVID-19 илдетти аныкталбаган 29 бейтап каза болду — алардын арасында эки медкызматкер бар. Кайтыш болгондордун 19у Бишкек шаарында катталды. Март айынан бери пневмониядан жалпы 224 адам каза болду.

Ал эми коронавирустан улам каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 31 учур. Чүй облусунда — 19, Ош облусунда — 17, Ош шаарында — 12, Нарын облусунда жети, Жалал-Абад облусунда алты, Ысык-Көл жана Талас облусттарында экиден, Баткен облусунда бир бейтап коронавирустан кайтыш болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Депутат Чыныбай Турсунбеков пневмониядан каза болду