Өткөн суткада коронавирус жуктурган эки медкызматкер көз жумду

Эдил Садыков/Заида Терекбаева

Акыркы суткада COVID-19 жуктуруп алган дагы эки медкызматкер каза болду — алар Ысык-Көл облусунда жана Бишкекте иштеп келишкен.

Коронавирусту жуктуруп каза болгон Ысык-Көл облусттук ооруканасынын педиатрия бөлүмүнүн 62 жаштагы дарыгери Эдил Садыков төрт күн оорукананын жандандыруу бөлүмүндө болгон. Садыковдун артында үч баласы калды.

Ошондой эле, COVID-19га чалдыккан Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева көз жумганы белгилүү болду.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп каза болгон медкызматкерлердин саны жетиге жетти — бирок азырынча жаңы учурлар расмий статистикага кире элек. Алар:

  • Бишкектеги №3 Үй-бүлө медицина борборунун дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры, 59 жаштагы Альберт Исмаилов;
  • Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы, 71 жаштагы Жамал Тазабекова;
  • Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимов. Бирок аталган ооруканадан ал «курч инфаркттан каза болгонун» белгилешти.
  • Ноокат районунун Барын айылындагы ҮМБ дарыгерлер тобунун 59 жаштагы медайымы, учурда анын ким экени айтыла элек.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. COVID-19дан кайтыш болгон медиктердин үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом төлөп бериши керек.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.