Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү коронавирус жуктуруп алды

Нурболот Мирзахмедов

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов COVID-19 жуктуруп алды. Маалыматты Мирзахмедов «24.kg» басылмасына ырастады.

Мирзахмедов коронавируска анализди 1-июлда тапшырган. Ошол күндөн тарта медиктер ага изоляцияда болууну сунуштаган.

«Анализ оң жыйынтык көрсөттү. Оору жеңил фомада өтүп жатат, болгону дене табым бир аз жогору болгон. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатамын. Эгерде кайтадан тапшырган тест терс жыйынтык көрсөтсө, дүйшөмбүдөн баштап ишке чыгамын», — деди Мирзахмедов.

Нурболот Мирзахмедов үстүбүздөгү жылдын 23-январында өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйыгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Буга чейин, 18-июнда, COVID-19 Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден аныкталган. Ал 14 күн үйүндө дарылангандан кийин илдеттен айыгып, ишине кайткан.

Кыргызстанда коронавирустун алгач үч учуру Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган. Ошол эле күнү, 18-мартта, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми 10-июлга карата Жалал-Абад облусунда COVID-19дун жаңы 29 учуру катталды — облус боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 555ти түздү. Алардын ичинде 250 адам айыгып, 10 бейтап каза болду.