Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жугуп, учурда жакшы болуп калганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал бир жумадан ашык температурасы көтөрүлгөнүн белгиледи

«11 күн бою дене табым көтөрүлдү. Көзгө көрүнбөгөн бул илдет менен иммундук системам аябай күрөштү. Жараткандын буйругу менен жакшы болуп баштадым. Убакыт жок, иш көп», — деп жазды ал.

Айдарбеков андан сырткары элдин күчү ушундай оор кырдаалда биригип, чогуу иш алып барууда байкалганын белгиледи. Ал ошондой эле, чет жактагы элчиликтер дагы тынбай иштеп, болушунча жардам берүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

ТИМдин маалымат кызматы «Клоопко» учурда министр айыгып, аралыктан иштеп жатканын билдирди.

Башка министрликтердин өкүлдөрүнөн дагы коронавирус жана пневмония дарттары табылган болчу. Атап айтканда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевге коронавирус жукканы ырасталган. Аны менен катар бир катар коомдук ишмерлер менен депутаттарга дагы илдет жуккан. Алардын айрымдары коронавирус менен пневмониядан дүйнө салышкан. Жогорку Кеңештин экс-төрагалары Мукар Чолпонбаев коронавирустан, Чыныбай Турсунбеков пневмониядан каза болду.

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 149 киши көз жумса, пневмония март айынан бери 497 кишинин өмүрүн алды.