Бир суткада дагы 94 медкызматкерден коронавирус табылды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 14-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 94 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Ал эми он медик өпкө илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Илдетке Бишкек шаарынан — 26, Чүй облусунан — 39, Ош шаарынан — 14, Жалал-Абад облусунан — тогуз, Баткен облусунан — алты медик чалдыккан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 1875ке жетип, алардын 570и оорудан айыккан.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.