Баткендин башчысы он эки медицина кызматкерин сыйлады

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

14-июлда Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун он эки медициналык кызматкери сыйланды.

Алты кызматкерге өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн «Ардак грамотасы» жана «Алкыш баракчасы» тапшырылды. Ал эми лабароториялык изилдөөлөр менен иш алпарган калган медиктерге 10 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

«Covid-19 менен күрөшүүдө күн-түн дебей талыкпай эмгектенип, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жоопкерчилик менен иштеп жаткан кызматкерлерге стимул болсун деп өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов ушундай чечим кабыл алган», — деди ведомствонун басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.

15-июлга карата өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 1980ге жетти. Ал эми 576 медик оорудан сакайды. Ошондой эле коронавирус жуктуруп алып каза болгон медиктердин расмий саны алты.

COVID-19ду жуктурган бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.