Өлкөдө дагы 96 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 16-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 96 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Ал эми жети медик өпкө илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Илдетке Бишкек шаарынан — 42, Чүй облусунан — 18, Ош шаарынан — 7, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан бештен медик чалдыккан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2076га жетип, алардын 583ү коронавирустан айыкты. Расмий статистика боюнча коронавирус жуктуруп каза болгон медиктердин саны — алты.

Ошондой эле коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Пневмониядан кайтыш болгондордун арасында медиктер да бар. 6-июлда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болгон.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов пневмонияны коронавирус шарттап жатканын моюндады. Бирок ошого карабастан коронавирус менен пневмониянын статистикасы ар башка жүргүзүлүүдө.

Депутат Дастан Бекешев өкмөт статистикаларды ар башка санап жатканын медкызматкерлерге төлөнчү компенсация менен байланыштырат.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.