«Меместан» фейсбук барагынын администратору аялы менен кошо ИИМге суракка чакырылды

Фейсбуктагы «Меместан» аттуу мыскыл-тамаша барагынын администратору Арген Бактыбек уулу өзүнүн барагында жубайы экөө ИИМге суракка чакырылышканын билдирди.

Ал фейсбук барагында өзү жана аялы Эркингүл Төлөн кызы күбө катары сурак берүү үчүн ИИМГе келиши керектиги айтылган чакыруу барактарын жарыялаган.

В час ночи участковый пришел домой и оставил повестку. В час ночи! Мы теперь свидетели, а до этого вообще не знали кто...

Posted by Gena Kaparov on Thursday, July 16, 2020

Арген жарыялаган тергөө тапшырмасында суракка чакырууга «бийликти кемситкен маалыматтар» таралытылып жатканы себеп деп айтылат. Милиционерлер так кесе эмне «бийликти кемсинткенин» кабарлашкан эмес.

Сурактын өзү 1-июлдагы митинг тууралуу ишке байланыштуу. Бул иштин алкагында милиция бир нече шектүү адамды кармаган. Алар 14-июлда Ала-Тоо аянтында өткөн парламенттик шайлоого каршы митинг учурунда кармалышкан.

https://www.facebook.com/argen.bakybekuulu/posts/1928488007287467

Сын-пикир үчүн суракка алуу

Бул бийликти сындоо үчүн жарандар суракка чакырылган биринчи эле учур эмес. Буга чейин StandUp комедиялык шоусунун катышуучусу Назгл Алымкулова да күбө катары УКМКга суракка чакырылган.

Алымкулова суракка болжол менен тамашалуу дипфейк-видео үчүн чакырылды. Ал видеодо белгилүү рэпердин бети Кыргызстандын президентинин жүзүнө алмаштырылган эле.

2019-жылдын августунда Бишкектеги дизайнер Никита Тарасенко да суракка чакырылган. Ошондо ал фейсбуктагы посту үчүн чакырылган эле

Дизайнер тергөөчүлөр менен жолугушууга өз барагында таасирдүү кыргыз аткаминерлери чагылдырылган коллажды жарыялагандан кийин чакырыла баштаган.

Коллажда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду тартып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жайгаштырган. Дизайнер өзүнүн постун «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деп атаган.

Мындан тышкары, фейсбуктагы «БеспределКГ» аттуу тайпанын администратору Автандил Жоробеков дагы суракка чакырылган эле. Ал «аймак аралык касытыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталып, 24-ноябрда кармалган. Болгондо да, УКМКнын маалыматына ылайык, посттун кастыкты козутууга тиешеси жок, социалдык тармактардын колдонуучулары жөн гана комментарийде өз ара талашып-тартышышкан.

Ошол эле учурда «БеспределКГ» барагында бийликтин дарегине айтылган билдирүүлөр да жарыяланып турган.

ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: StandUp Бишкектин катышуучусу УКМКга сурак берип чыкты