Сузакта 64 жаштагы медик пневмониядан каза болду

Сыядакан Кадыралиева

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Сыядакан Кадыралиева 64 жашында коронавирус шарттаган пневмониядан улам каза болду. Маалыматты Кыргыз медициналык ассоциациясынан тастыкташты.

Кадыралиева 19-июлда Сузак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Анын артында эки уул, эки кызы жана неберелери калды.

Маркум 25 жашынан баштап саламаттык сактоо тармагында эмгектенип баштаган. Ал өмүрүнүн дээрлик 20 жылын Октябрь Үй-бүлөлүк медицина борборуна арнады.

Ушуну менен коронавирус 19-июлда эле аталган райондун эки дарыгеринин өмүрүн алды — буга чейин 68 жаштагы терапевт Анар Чимбердиеванын каза болгондугу белгилүү болгон.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги эки медикти илдеттен каза болгон медиктердин катарына кошуп-кошпогону азырынча белгисиз. Анткени коронавирус менен ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикасы бириктирилгенден кийин оору жуктурган же кайтыш болгон медиктер тууралуу маалымат бериле элек.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берээри айтылган.

Бирок азыркы күнгө чейин коронавирус жуккан канча медикке жана аталган илдеттен көз жумкан канча медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилгени боюнча маалымат ачыктала элек.

Өлкөдө 20-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны 27 143тү түзүп, анын 13 109у айыгып чыкты. Ал эми илдеттен 1037 киши көз жумду — алардын арасында ондогон медик бар.