COVID-19 жана ал пайда кылган пневмониядан дагы 46 бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 46 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 23-июлда билдирди.

Коронавирустан каза болгондордун 13ү Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле, Чүй жана Жалал-Абад облустарында алтыдан, Ысык-Көл жана Ош облустарында бештен, Нарын облусунда төрт, Ош шаарында үч, Баткен жана Талас облустарында экиден бейтап кайтыш болду.

Каза болгон бейтаптардын жетөөсүндө COVID-19 лабораториялык тастыкталган. Калган 39 маркумдун оорусу клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталды — башкача айтканда бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, бирок COVID-19га тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөткөн. Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1169 киши көз жумду — алардын арасында расмий түрдө 29 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 30 126га жетти — өткөн суткада жаңы 967 учур катталды. Жалпысынан 16 791 киши илдеттен сакайды.