ЖАМК: Илмиянов жазасын 2021-жылдын аягында өтөп бүтөт же шарттуу түрдө бошотулушу ыктымал

Икрамжан Илмиянов

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Икрамжан Илмиянов Бишкектеги №47 абактан Молдовановка айылындагы №26 жатак абагына атайын комиссиянын 21-июлдагы чечими менен которулганын ырастады. Эми ал бул жакта 1 жыл 4 ай 14 күн отурат. Башкача айтканда 2021-жылдын 1-декабрында жаза мөөнөтү аяктайт.

Буга чейин аталган мекеме Илмияновдун жатак-абагына которулганын тактап жатканын билдирген болчу.

Илмияновдун жаза өтөө мөөнөтү эмнеге кыскартылды?

ЖАМК кийин тараткан билдирүүсүндө Илмияновдун жаза өтөө мөөнөтү эмнелердин негизинде кыскартылганын түшүндүрүп берди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун 19-июндагы отурумунда Октябрь райондук сотунун Илмияновду 7 жылга кескен өкүмү 5,6 жылга чейин кыскартылган. Аны менен катар Улуу Жеңиштин 75 жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата Мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Илмияновдун өтөй элек жаза мөөнөтү үчтөн бирге, башкача айтканда 8 ай 20 күнгө азайтылган.

ЖАМК тараткан билдирүүдө Илмияновдун жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 20-октябрынан тартып башталганы белгиленет. Ал эми Жазык кодексинин 61-беренесине ылайык, Илмияновдун абактагы 1 жыл 7 ай 19 күнүнүн ар бир күнү эки күн деп саналган.

Илмиянов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулушу ыктымал

Жазык кодексинин 88-беренесине ылайык, оор кылмыш кылганы үчүн соттолгон киши келтирилген чыгымдын жарымынан кем эмесин төлөп берсе, жазаны өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга ак ниетинен мамиле кылганда, жазасынын 3/4 бөлүгүнөн кем эмес өтөп бүтсө сот тарабынан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышы ыктымал.

«Таасирдүү шоопур»

Икрамжан Илмиянов көп убакыттан бери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «оң колу» болуп эсептелинип келген.

Алгач ал Атамбаев жетектеген «Кыргызавтомашта» иштеп, кийинчерээк 2009-жылга чейин мурдагы президенттин жеке айдоочусу болгон. Ал эми 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Илмиянов Атамбаевдин жардамчысы болуп иштеген.

Ал эми Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланганда, Илмиянов президент аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындалган. Бирок «Вечерний Бишкек» басылмасы аны «рейдерлик басып алуу аракетине» айыптаганда, Илмиянов 2015-жылдын апрель айында кызматынан бошотулган.

Мындан сырткары Илмиянов 2017-жылы ошол убакта бийликте болгон КСДП партиясынан депутат болуп кала жаздаган. Ал учурдагы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келмек. Бирок Илмиянов мандаттан баш тартып, анын ордуна Жогорку Кеңештке азыркы вице-спикер Аида Касымалиева келген.

Атамбаевдин «жакшы көргөн баласы»

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтектин айтымында, Илмиянов анын атасынын «жакшы көргөн баласы болгон».

«Эң ишенимдүү адамдары — шоопур Икрамжан Илмиянов, Болот Сүйүнбаев, Фарид Ниязов. Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдор экинчи планда болчу. Алардын баарынын көзүн май баскан, өзүлөрүн хан сезип жүрүшкөн. Ал [Алмазбек Атамбаев] жалгыз өзү эмне кыла алат. Иштегенден кийин бирөөгө ишениш керек да. Ишенбесең кантип иштейсиң. Атам менен көп кездешчү эмеспиз, жамандык, жакшылыкта, майрамдарда эле жолукчубуз. Чынын айтканда эң жакшы көргөн баласы шоопур - Сатардын уулу Икрамжан болчу. Ошол киши менен көп убакыт өткөрдү. Бул чындык», — деген Сейтек Атамбаев.

Депутат Жанар Акаев парламенттин алтынчы чакырылышын Илмиянов тескеп жүргөнүн айткан.

«Депутаттар кайсы бир мыйзам долбоору тууралуу кандай добуш берүү керектиги боюнча көрсөтмөнү Илмияновдон алып турушкан. Бул ар кандай формада болчу. SMS жиберип, чалып же маектешүүгө чакырышы мүмкүн эле», — деген Акаев.

Бирок, эл өкүлүнүн айтымында, бул көрүнүш Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден тарта токтогон.

Райымбек Матраимовдун досу

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов анын үй-бүлөсү жыл сайын өткөргөн спорттук иш-чараларга «Атамбаевдин жакын кишиси Икрам Илмиянов» катышаарын билдирген. Мындан сырткары Матраимов Бажынын жетекчилигине Илмияновдун жардамы менен келгенин маалымдаган.

«Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз Икрам [Илмиянов] досумдун колдооңуздар аркылуу Бишкекке которулдум», — деген Матраимов Атамбаевге жолдогон кайрылуусунда.

Мындан сырткары «Азаттыктын» атайын иликтөөсүндө Икрам Илмиянов «Ихлас» курулуш компаниясы менен байланышы бар деген пикирлер айтылган. Ал эми аталган компаниянын негиздөөчүлөрү «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен тыгыз байланышта болгону көрсөтүлгөн.

«Азаттыктын» атайын иликтөөсү - Илмияновдун «Ихласы»

Бирок Илмиянов «Ихлас» жана «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен байланышы бар деген маалыматты четке каккан.

Кезектеги парламенттик шайлоого катышуучу «Мекеним Кыргызстан» партиясын учурда Матраимовдордун үй-бүлөсү башкарып жатат деген кептер айтылууда. Бул партия Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар делген «Биримдик» партиясы менен биргеликте Жогорку Кеңеште көп мандатка ээ болууга аракеттерди көрүшү мүмкүн деген жоромолдор бар.

Авторлошу: Элдияр Бакиров