Учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмиянов Бишкектеги №47 абактан жатак абагына которулганын VB.KG басылмасы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы ишенимдүү булагына таянуу менен жазып чыкты. Ага ылайык, мындай чечим мекеменин комиссиясы тарабынан кабыл алынган.

Бирок анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев «Азаттык» радиосуна Илмияновдун которулганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирген. Анын айтымында, Илмиянов шаардык соттун өкүмүнөн кийин жазасын өтөө үчүн №47 абакка которулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, учурда мекеме өзү маалыматтын чын-төгүнүн тактап жатат.

«Биз дагы маалыматты тактап жатабыз. Бул боюнча кийинчерек толук маалымат берилет», — деп мекемеден ишендиришти.

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары Илмиянов үйүндө экенин, а түгүл кайсы бир партияга шайлоо алдында жардам берип жатканын жазышты.

2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга кескен. Мындан тышкары, 160 миң сом айыппул салынган.

Бийлик Икрамжан Илмияновго каршы 2018-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Илмиянов жети берене боюнча айыпталган. Алардын арасында «Алдамчылык», «Ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана башкалар. УКМКнын маалыматы боюнча, кылмыш иши козголгондон кийин Илмиянов өлкөдөн чыгып кеткен, бирок ал Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Илмиянов сотто өлкөгө өз эрки менен кайтып келгенин билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда 2017-жылдын августунда «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сый акы» түрүндө 150 миң доллар алган.

Илмиянов 2009-жылы Атамбаевдин жеке айдоочусу, ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин жардамчысы болгон. 2011-жылы Атамбаев президент болуп турганда президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына дайындалган. Аталган кызматтан аны «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратын басып алууга айыпташкандан кийин 2015-жылы кеткен. Андан кийин Илмиянов Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.

Тема боюнча окуңуз:

«Парламентти Илмиянов тескеген». Жанар Акаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тууралуу

Атамбаев Жээнбековдун «көмүскө кассасынын» ачыкка чыгышын Илмияновдун камалышы менен байланыштырды