COVID-19 дагы 28 медицина кызматкеринен аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штабдан 26-июлда COVID-19 жуктурган дагы 28 медкызматкер катталганын кабарлады. Ошондой эле, акыркы сутка ичинде 19 медик сакайып, үйүнө чыгарылган.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 661ге жетти — бул бардык оорулуулардын сегиз пайызы. Андан сырткары 1 384 медкызматкер илдеттен айыкты.

Ал эми расмий статистика боюнча коронавирустан 29 медкызматкер каза болду. Бирок коронавирус жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгып, көз жумган медиктердин саны мындан да көп.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү. Ошондой эле 40 медкызматкерге кун төлөп берүү маселеси каралып жатат.

26-июлга карата COVID-19ду жуктуруп алган жарандардын саны 32 813кө жетти. Алардын ичинен 20 388 бейтап айыгып, 1 277 киши каза болду.