COVID-19дан жана ал шарттаган пневмониядан дагы 17 бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 17 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб 30-июлда билдирди.

Каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 9. Ошондой эле Чүй, Нарын облустарында — экиден, Жалал-Абад облусунда — төрт бейтап кайтыш болду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 364 киши көз жумду — алардын арасында ондогон медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 35 143кө жетти. Жалпысынан 24 474 киши илдеттен сакайды.