COVID-19га дагы 20 медик чалдыгып, 41 медкызматкер оорудан айыкты

иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-августка карата бир суткада коронавирус дагы 20 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады. Ошондой эле акыркы суткада 41 медкызматкер айыкты — алардын 33ү үй карантинде дарыланган.

COVID-19га чалдыккан медиктердин жетөө Баткен облусунда, бешөө Ысык-Көл облусунда, төртөө Ош шаарында, үчөө Жалал-Абад облусунда жана бир медик Нарын облусунда иштеп жатышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 829га жетти. Ал эми жалпысынан 1 853 кызматкер илдеттен айыкты.

Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдады.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалыгынын жетекчиси Муктарбек Баймурзаев беш айдын ичинде коронавирус менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге 807 млн 200 миң сом кошумча каражаттар төлөнгөнүн билдирди.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.