ССМ: Бишкектин №1 ооруканасынын башкы дарыгери кызматынан бошотулду

Материал 16:55те жаңыртылды

Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августагы брифингде Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев кызматынан бошотулганын билдирди.

«Учурда №1 оорукананын башкы дарыгери болуп Бошкоевдин орун басары дайындалды», — деди Акматова.

Ал ошондой эле, Бошкоевдин кызматтан бошотулушуна хирург Дөөлөт Ибраимовдун билдирүүсү боюнча түзүлгөн комиссиянын берген корутундусу себеп болгондугун кошумчалады.

Буга чейин 6-июлда хирург Дөөлөтбек Ибраимов бийлик өкүлдөрүнө видео кайрылуу жасап, оорукананын башкы дарыгердин үстүнөн арызданган. Ал клиникадагы жагдайды «чыдагыс болуп калды» деп атап, башкы врач Бошкоевди бейтаптарды тааныш-билиштик менен ооруканага жаткырып, медкызматкерлердин иш шартына көңүл бурбайт деп айыптаган.

Мындан сырткары Ибраимов башкы дарыгер медиктер үчүн нормалдуу шарт түзүп бербейт жана жеке коргонуу каражаттар менен меджабдыктарды тыңыраак бөлүштүрбөйт деп билдирген.

Ал эми Бошкоев айыптын бардыгын четке кагып, Ибраимовду «арызданганды жактырган урушчаак адам» деп сыпаттаган.

Ошондой эле спортчу жана ыктыярчы Абдурахманхаджи Муртазалиев 9-июлда аталган оорукананын медиктери ыктыярчылар тарабынан берилген 250 миң сомдук беткаптарды жана антибиотиктерди алышкан эмес деп билдирүү жасаган.

Мындай жыйынтыкка ал бейтапканадагы кызматкерлерден маалымат алгандан кийин келген. Муртазалиевдин айтымында, медициналык коргоочу каражаттар Бошкоевге тапшырылып, алтургай видеого да тартылган.

Ал эми Бошкоев медиктерге коргоочу каражаттар иштетилгендигине жараша берилип тургандыгын билдирген. Мындан сырткары оорукананын кызматкерлери видеокайрылуу жасап, ыктыярчылар берген медкаражаттар кампада сакталгандыгын жана керектелген учурда алып пайдалана тургандыгын айтышкан.

Ошондой эле, 9-июлда Саламаттык сактоо министрлиги Ибраимовдун билдирүүсү боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлап, эгер Ибраимовдун айыптоолору тастыкталса, Бошкоев кызматынан алынаарын билдирген.

Тема боюнча:

«Эреже сакталбайт». Бишкекте хирург башкы дарыгердин иштерине арызданды, жетекчиси айыптоолорго жооп берди

Бишкектин №1 ооруканасы текшерилет. Буга чейин хирург башкы врачты коррупцияга айыптаган