Сот «Чоң Казаттын» мүчөсүн депутат Жумалиевге 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев эл өкүлүнүн «Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевге карата доосу жарым-жартылай канааттандырылганын билдирди.

6-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жапыкеевдин депутаттын дарегине айткан сөздөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тааныды. Сот ошондой эле активистти 10 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарды, ал эми депутат Жумалиев 10 млн сом өлчөмүндө доо койгон эле. Мындан тышкары, судья Жапыкеевди фейсбук барагында өз сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирди.

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп тааныштырып, парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев коррупциялык иштерге аралашкан жана анын мүлкүн тартып алыш керек деп билдирген. Анын айтуусу боюнча, Жумалиев 2,5 млрд долларга ээлик кылат, ошондой эле анын менчигинде фабрикалар, клиникалар, жүздөн ашуун батир жана хан сарайлар бар.

Мындан тышкары Жапыкеев Жумалиев мүлкүн күмөндүү жол менен тапкан деп айтып, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Ал эми Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Ал учурунда премьер-министр, транспорт жана жолдор министри кызматтарын аркалап келген.

«Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү соцтармактардагы барактарында эл өкүлүнүн болжолдуу мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялашкан. Мындан соң финпол депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Финполдун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттаган.

Анын жыйынтыгында парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү, депутаттын уставдык капиталда үлүшү бар экени жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналаары аныкталган. Мындан тышкары анын жакын туугандарынын «көп сандаган мүлкү» да аныкталып, бирок бул тууралуу так маалымат берилген эмес.

Буга карабастан, сот Жумалиевдин үйүндөгү тинтүүлөрдү жана алууларды мыйзамсыз деп таанып, финполдун кызматкерине карата жай аныктама чыгарган. Кийинчерээк, тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген финполдун тергөөчүсү Наргиза Артышова иштен четтетилген.

Жумалиев мындан тышкары «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, ИИМге арыз менен кайрылган. Арыз ИИМге «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумабековду оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилген.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.