Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза таап, үч киши жарадар болду

Баткен облусу. Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы 6-августта таңга маал Баткен районунун Эки-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканын маалымдаган. Тажикстан тараптан белгисиз адамдар ыктымал мергенчилик куралдан кыргыз аскерин көздөй ок чыгарып, ал жоокердин колун тешип өткөн. Чек арачы ооруканага жеткирилип, абалы канааттандырарлык деп бааланган.

Окуядан кийин Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Ходжаи Ало айылында кыргыз-тажик эки тараптын жолугушуусу болуп өткөн. Ага жергиликтүү бийлик башчылары жана чек ара кызматынын өкүлдөрү катышышкан.

Анда Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагына жакын жерде Тажикстандын жаранына ок тийип каза тапканы жана тажик чек арачынын жарадар болгону айтылган. Кыргызстандын чек ара кызматынан аталган версия иликтенип жатканын маалымдашты. Ошондой эле чырга себеп болгон жагдайлар териштирилүүдө.

«Жолугушуунун катышуучулары эки факты боюнча — Чек ара аскер кызматкеринин жаракат алгандыгы жана Тажикстандын жаранынын октон жаракат алып каза тапкандыгы боюнча ар бир тарап өз алдынча иликтөө ишин жүргүзүү чечимине келишти. Укук коргоо органдары Тажикстандын жарандары катышкан окуяга байланыштуу далилдерди табуу боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — деп жазылат пресс-релизде.

Эки тараптуу жолугушуу болуп өткөндөн кийин чек ара аймагында дагы бир кыргызстандыкка ок тийгени белгилүү болду.

Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришкендей, ошол эле күнү кечки саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргыз жаранына белгисиз тараптан эки ок атылган. Ал ооруканага жеткирилип, абалы «орточо оор» деп бааланууда. Чек ара кызматы бул боюнча кошумча маалымат берилерин убадалады.

Тажик тараптын версиясы

Тажикстандын «Озоди» басылмасы 6-августта тажик-кыргыз чек арасындагы ок атышуудан улам бир чек ара кызматкери жаракат алып, дагы бир Чоркух айлынын тургунунун бутуна ок тийип каза болду деп маалымдады. 65 жаштагы Вохид Ваххобов чек ара сызыгына бир метр калган жерден жарадар болгон. Ал кан көп кеткендиктен көз жумган.

Мындан сырткары Тажикстандын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы 6-август күнү таңга маал саат 04:00 чамасында Чоркух айылына чектеш жерде аң улоочу куралдан ок атылып, Кыргызстандын чек ара кызматынын улук лейтенанты Шер Кабиров жаракат алганын тастыктады.

Ошондой эле аталган басылма окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы иликтөө иштерин жана тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

Чек арада чыккан жаңжалдар

Буга чейин 2-июнда аталган аймакта Тажикстан тараптан белгисиз жарандар Ош — Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандык айдоочуга бир нече жолу ок чыгарышканы маалым болгон. Мындан улам ал денесинен жеңил жараат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Ал эми мурдараак облустун Көк-Таш айылында жайыт маселесинен улам Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал ок атышууга айланган. Натыйжада төрт кыргызстандык — үч чек арачы — жана эки тажикстандык жарадар болгон.

Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин бири оор абалда болгондуктан ага операция жасалган. Экинчи операцияны жасатуу үчүн аны 1-июнда Москва шаарындагы аскердик ооруканага которушкан.