ССМ: Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркагандардын абалы «туруктуу»

6-августта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган жаран. Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Баткен облусундагы Эки-Таш аймагында жана Көк-Таш айылынын Жака-Өрүк участогунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандардын абалы «туруктуу».

«Октон жаракат алган эки адамдын гемодинамикасы жакшы. Учурда ооруканада антибиотиктерди алууну улантып жатышат», — деди Саламттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Үстүбүздөгү жылдын 6-августунда таңга маал Эки-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажикстан тараптан белгисиз адамдар ыктымал мергенчилик куралдан кыргыз аскерин көздөй ок чыгарып, ал жоокердин колун тешип өткөн.

Жаңжалдан кийин Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Ходжаи Ало айылында кыргыз-тажик эки тараптын жолугушуусу болуп өтүп, ага жергиликтүү бийлик башчылары жана чек ара кызматынын өкүлдөрү катышышкан.

Тажикикстан тарап чек ара чырында бир чек ара кызматкери жаракат алып, дагы бир Чоркух айлынын тургунунун бутуна ок тийип каза болгонун билдирди.

Ошол эле күнү кечки саат 19:30 чамасында Көк-Таш айылынын Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргыз жаранына белгисиз тараптан эки ок атылган. Ал ооруканага жеткирилип, анын абалы «орточо оор» деп бааланган.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжал боюнча иликтөөнү баштады. Ал эми эки факты боюнча — кыргыз аскеринин жаракат алгандыгы жана Тажикстандын жаранынын октон жаракат алып каза тапкандыгы — ар бир тарап өз алдынча иликтөө ишин жүргүзүү чечимин кабыл алышкан.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза таап, үч киши жарадар болду