COVID-19дан төрт бейтап көз жумду. Өлүм Бишкек менен Баткенде гана катталды

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы төрт бейтап көз жумду. Анын ичинен бир маркумдан COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган үч бейтап пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу республикалык штаб 11-августта билдирди.

Бишкек шаарында коронавирус жуктурган үч киши каза болду. Ошондой эле, Баткен облусунда — бир бейтап көз жумду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 468 киши көз жумду — 30-июлдагы маалыматка караганда алардын арасында 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 40 445ке жетти. Жалпысынан 32 764 киши бул илдеттен сакайды.