Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбековдун Беларустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкого жолдогон куттуктоосун сынга алды.

Ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде Жээнбековдун мындай кадамын «революцияга түкүргөндөй кабыл алганын жана 2010-жылдагы окуяларга чыккынчылык кадам катары» баалаганын айткан.

«2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын "Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?" деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. "Ушул революциялар бизди артка кетирди»" дегендерди да угуп жүрөбүз. Кыргызстандын дүйнөдөгү азыркы орду, башка республикаларга салыштырмалуу такыр башка мамлекет болуп жатканы - биздин жетишкендигибиз», — деди ал.

Отунбаева ошондой эле, «биз ошол революцияны жасаганыбызга өкүнбөйбүз деп» кошумчалаган.

Беларустагы президенттик шайлоо

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо болуп, анда учурдагы президент Александр Лукашенко 80 пайыздан ашык добуш алып, жеңишке жеткен. 10-августта аны Кытайдын президенти Си Цзиньпинь, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктап билдирүү жолдошкон.

Анткен менен Литва ТИМинин башчысы Беларуста өткөн шайлоону адилетсиз деп атаса, Германиянын министрлер кабинети аны демократиялык эмес деп билдиришти. Польшанын премьер-министри Беларусь боюнча ЕБ саммитин чакырууну талап кылды.

Лукашенко шайлоонун эртеси эле 10-августта иш сапары менен Минск облусунун Пуховичский районуна районуна барган. Ал жактан «Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы» (БУБК) инвестициялык долбоорлорду кантип ишке ашырып жатканы менен таанышты. Лукашенко менен жолугушууда тартылган сүрөткө БУБКтун жетекчиси — Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов да түшүп калган. Ал Даниил Тимурович Урицкий деген ат менен да таанымал.

БУБК жана Бакиевдер

БУБК ишканасы менен Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн байланышы тууралуу Беларустун ЖМКлары 2016-жылы эле жазып чыгышкан.

Беларусь ЖМКлары Даниил Урицкийге 2016-жылы эле көңүл бурушкан. Ал бул жылы БУБК ишканасын жетектеп баштаган.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.

Журналисттер Урицкийдин Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов менен окшоштугу жөнүндө 2017-жылы декабрда жазып чыгышкан. 2018-жылы БУБКтун ачылышында Даниил Урицкийдин сүрөтү жарыяланган эле. Урицкий-Үсөнов өзү naviny.by басылмасына курган маегинде чыныгы премьер Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп билдирген.

Данияр Үсөнов ысымын Даниил Урицкийге өзгөртүп алган деп ишенген Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларусь аны өткөрүп берүүдөн баш тартканын билдирген. Беларусь бийлиги чечимин Үсөнов-Урицкийди өткөрүп берүү талабы «саясий куугунтуктоого» байланыштуу деп түшүндүргөн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы буга карабастан Үсөновду экстрадициялоо боюнча ишин уланта берерин маалымдаган.

Үсөнов президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2009-жылдан тарта премьер-министрлик кызматты ээлеп келген. Ал 2010-жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандан Беларуска качкан.

Ал 80ден ашык адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды аттырган деп айыпталып ю, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Андан сырткары, Үсөнов Бишкек мэри болуп турган кезде ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыпталууда — бул үчүн ал 15 жыл абакка кесилип, мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан.

Бакиевдердин үлүшү

2016-жылы эле Беларустун алдыңкы басылмалары Бакиевдердин кланы менен БУБКнын байланышы тууралуу жазып чыгышкан. Алар корпорациянын акционерлеринин арасында Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев жана анын уулдары — Марат менен Максим бар болушу мүмкүн деп эсептешкен.

Курманбек Бакиев муну төгүндөп, жумушсуз (же консультант) экенин, ал эми үй-бүлөдө негизги кирешени анын экинчи аялы Назгүл Төлөмушева алып келерин бир нече жолу билдирген.

«БелаПАН» басылмасынын маалыматы боюнча, 31 жаштагы

Кыргызстандын атуулу Асылбек Салиев — Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин уулу — шотландиялык оффшорлор аркылуу БУБКтун 22,5%дык үлүшүнө ээлик кылат.

Мындан тышкары, БУБКтун дагы бир кыргызстандык менен байланышы бар — Бакиевдин убагында ачылган Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондунун финансылык директорунун кызматында иштеген Рифат Утюшев.

Кулатылган президент

Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартындагы революцияда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев кулатылгандан кийин бийликке келген.

Бакиев өзү дагы 2010-жылы Кыргызстандын президенттигинен кулатылган, кийин ал Беларустан саясий башпаанек алган.

2010-жылдын апрель окуялары боюнча 28 адам соттолгон. Анын ичинде Курманбек Бакиев (сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган), анын бир тууган иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев (өмүр бою эркинен ажыратылган) бар. Мындан тышкары, Бакиевдин уулдары — Марат менен Максимге да сыртынан эркинен ажыратылган.

Анын улуу уулу Марат дагы Беларуста, Раубичи аттуу элиталык айылда жашайт. Ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган жээни Асылбек Салиев дагы Беларустун жараны болуп эсептелет.

Ошол эле учурда алардын бирөө дагы күнөөлүү деп табылган кылмыштары үчүн жазага тартылган эмес. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аларды экстрадициялоо боюнча аракет кылып жатканын бир нече жолу маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА: