«Ата-Журттун» басма сөз катчысы партия «Мекеним Кыргызстанга» кошулганын четке какты

Сүрөт: «Мекеним Кыргызстан» партиясы

«Мекеним Кыргызстан» партиясы «Ата-Журт» партиясы менен шайлоого чогуу аттанаарын билдирди. Бул тууралуу партиянын Фейсбук барагында маалымдалды.

Меморандумга «Ата-Журттун» тең-төрагасы Ахматбек Келдибеков менен «Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров кол койгон.

«Бул биздин партияларыбыздын тарыхындагы маанилүү окуя. Биздин максатыбыз да, көз карашыбыз да окшош. Бул союз чыныгы өзгөрүүлөргө түртүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм», — деди Бакиров.

Ошол эле учурда «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирүү таратып, аталган партия алдыдагы шайлоого катышпасын жана эч бир партия менен бирикпегенин маалымдады.

«Партиянын мүчөлөрү, анын ичинде партиянын тең-төрагасы Келдибековдун башка партияларга өзүнүн атынан кошулууга акысы бар. Мүчөлөргө саясий кеңештин жана съезддин чечимисиз башка партиялар менен өз алдынча меморандум түзүүгө укук берилген эмес. Демек, айрым партия мүчөлөрүнүн кошулуусун “Ата-Журттун” биригүүсү катары жарыялоого алардын укугу жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Шайлоо алдында бириккен партиялар

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясы «Табылга» жана «Бирик» партиялары менен бириккен. Бирок «Бириктин» Ош шаарындагы мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого чогуу барууга каршы чыгышкан.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп эсептелет. Партиянын 12-августта өткөн саясий кеңешинин жыйынына депутат Искендер Матраимов да катышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.