Оштогу ооруканага өзбек диаспорасы тез жардам унаасын тартуулады

18-августта Ош шаарындагы өзбек диаспорасынын алдында түзүлгөн «Жаңы Муун» фонду Ош шаардык бейтапканасына тез жардам унаасын тартуулады. Мындан сырткары аталган фонд бир ИВЛ аппаратын, 80 даана керебет, 7 миң даана респиратор жана 200 даана медициналык коргоочу кийим тапшырды.

«Диаспоранын өкүлдөрү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жолугуп, коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө кол сунган кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди», — деп жазылат Ош мэриясынын билдирүүсүндө.

Буга чейин 21-майда Өзбекстандан Ош шаарына 248 миң долларлык гуманитардык жардам келген. Бул коңшу мамлекеттен келген экинчи жардам болчу. Ага чейин 2-апрелде поезд менен 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргоочу кийим, 200 даана респиратор, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест келген.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-августта брифингде коронавирус жуктуруп каза болгон 1 498 бейтаптын 29 пайызы башка себептерден улам көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун ичинен 437 адамдын өлүмүнө COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар себеп болуп чыкты.