Чек ара аймагында жашаган Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын спорттук мелдеши өттү

19-августта Өзбекстандын Сох районунун аймагында Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун чек аралаш аймагында жашаган жаштардын ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы 25 спортчу катышты.

«Иш чара эки облустун элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин жана жаштар арасында достукту бекемдөө максатында уюштурулду», — деп жазылат Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматында.

Аталган иш чарага катышкан командалар теннис, шахмат, футбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Баткен облусунан барган жаштар теннис жана шахмат боюнча жеңүүчү болушуп, ал эми футбол боюнча мелдеште эки команда бирдей жеңишке жетишти.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 31-майында Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыккан. Чыр эки өлкөнүн ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан улам пайда болгон. Кадамжай районунун Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын тургундарынын ортосундагы кайым айтышуу таш ыргытууга айланган.

Натыйжада эки өлкөнүн тургундарынын үйлөрү өрттөнүп, кээ бир кыргызстандыктардын унаалары талкаланган. Окуянын эртеси күнү премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.