Акыркы суткада коронавирустан бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде акыркы суткада Бишкек шаарынан COVID-19га чалдыккан бир бейтап көз жумганын билдирди.

Калган аймактарда бейтаптардын өлүмү катталган эмес. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 055 киши көз жумду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-августтагы брифингде коронавирус жуктуруп каза болгон 1 498 бейтаптын 29 пайызы башка себептерден улам көз жумганын билдирген.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун ичинен 437 адамдын өлүмүнө COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар себеп болгону аныкталган.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 42 703кө жетти. Жалпысынан 35 831 киши аталган илдеттен сакайды.