Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев Кыргызстандан качкын макамын берүүнү суранды

Өзбекстандык оппозициячыл журналист Бобомурод Абдуллаевдин адвокаты Наталья Котик журналисттин ага качкын макамын берүү тууралуу арызы кароого кабыл алынганын кабарлады.

Анын айтымында, эгер бул маселе боюнча оң чечим кабыл алынса, анда адвокаттар коргоп атышкан журналисттин депортациясын талашууга укуктуу болушат.

Адвокаттар БУУнун Жогорку комиссариаты менен Миграция иши боюнча мамкызматка эки арыз тапшырышкан. Арыздарды кароо токтотула элек — азырынча аны бир да мамкызмат четке каккан жок.

Ошондой эле коргоочу тарап УКМКнын кызматкерлеринин журналистке карата кыйноо колдонушканына байланыштуу сотко кайрылат.

Буга чейин Абдуллаевдин башка адвокаты Тимур Карабаев коргоп аткан адамынын ачык катын көрсөткөн. Анда журналист кармалгандан кийин УКМКнын ТИЗОсунан ага адвокаттын катышуусу жок Өзбекстанга жөнөтүү тууралуу токтомго кол коюуп берүүнү сунушташканын айтып берген. Бирок Абдуллаев документке кол коюудан баш тартып, андан кийин ТИЗОдо аны кыйнай башташкан.

«Алардын бирөөсү мени темир керебетке жаткырып, жашыл сүлгү менен думуктура баштады. Чыдабай кетип, сол колум менен жерге кулап, оң кашым менен темир керебеттин бурчтарын сүздүм. Сол колум жана оң каш тарабым айрылды. Бетим кансырап баштаганда ТИЗОнун кызматкерлери камераны шаш-буша бекитип чыгып кетишти. Сол колум менен оң кашымда ошол жерден алган тактар калды», — деп жазган катында Абдуллаев.

Журналисттин катында ага документтерге кол коюп берүүнү УКМКнын ТИЗОсунда гана эмес, сурак учурунда да сунушташканы айтылат. Ал эми Абдуллаевдин адвокаттарды чакыруу талаптарына «алар өлүп калган» дегенсип жооп беришкен.

Абдуллаевдин жактоочулары журналисттин кармалышы боюнча биринчи жолу арыз жазып жатышкан жок. Мындай арыздардын бирин алар УКМКнын ТИЗОсуна карата жазышкан.

Адвокат Наталья Котик үч жактоочунун бирин да эки апталык карантинди шылтоолоп Абдуллаевге киргизбей коюшканын кабарлады. Ошол эле кезде юристте УКМКнын кызматкерлери аларга журналистти коргоо боюнча ишине тоскоолдук кылып атышканы бир нече жолу айтышкан.

«Биз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен аша чаап атышканы боюнча маселе көтөргөнбүз, себеп дегенде адвокаттардын ишмердигине түздөн-түз тоскоолдук болгон», — деп билдирди экинчи адвокат Тимур Карабаев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандын атайын кызматы журналист Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берди

Өзбекстандык журналист бир айга камакка алынды

Бишкекте УКМК тарабынан өзбекстандык журналист кармалды